Россиянын премьери Медведев "Данакер" ордени менен сыйланды

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев расмий иш сапар менен келген Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевди кабыл алып, ага Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Данакер" орденин тапшырды.

Атамбаев бул сыйлык элдин достугун бекемдегендерге берилерин баса белгиледи.

"Биздин биринчи болгон жолугушуубузда эле бизге жардам берүүгө аракет кылгансыз. Сиз Кыргызстанга дайыма жылуу мамиле кылып келесиз. Көп жылдардан бери колдооңуз кыйла сезилерлик", — деди Атамбаев.

Медведев ага ыйгарылган жогорку мамлекеттик сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бул эки элдин ортосундагы достуктун жана элдин заманбап шартта жашашы үчүн биргеликте жасалган жалпы иштин символу. Мындан ары да Россия менен Кыргызстандын достугу чыңдала бериши үчүн бардык аракетимди жумшайм", — деди Медведев.

Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0