Медведев КРдин газ тармагына салына турчу миллиарддаган инвестиция тууралуу айтты

Жазылуу
Дүйшөмбү күнү Бишкек шаарында КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жолугушту.

6-июнда Кыргызстанга расмий иш сапар менен Дмитрий Медведев келген.

Иш сапардын алкагында премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда кеңири жыйын өттү.

"Биз эки тараптуу жана эл аралык күн тартипте турган актуалдуу маселелерди талкуулап, кийинки пландарды белгиледик. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болушун эске алуу менен соода экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү сүйлөштүк. Ошондой эле тез арада чечилиши керек болгон маселелер да талкууланды", — деп Жээнбеков жыйындын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

Орус премьер-министринин расмий иш-сапары алкагында беш документке кол коюлду

Эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Медведев "Газпромдун" инвестициясы тууралуу айтты.

"2030-жылга чейин өлкөнүн газ системасына 100 миллиард рубль инвестиция кылуу күтүлүүдө, анын үчтөн бир бөлүгү жакынкы эки жылда бөлүнөт", — деди Медведев.

7-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0