Селге агып кеткен баланы табуу үчүн куткаруучулар ар бир метр жерди казып издешти

Жазылуу
Кадамжайда сел алып кеткен үч жаштагы баланы издөө иштерине атайын техника, ит жана куткаруучулар тартылды.

Премьер Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгынан жабыркаган аймак менен жери - Sputnik Кыргызстан
Премьер Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгынан жабыркаган аймак менен жеринен таанышты
Белгилей кетсек, 27-майда саат 15:45 чамасында Ош — Айдаркен жолунда Opel Frontera үлгүсүндөгү автоунааны нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон сел суулары агызып, машина сел өтүүчү сайга кулап түшкөн. Унаанын ичинде 6 адам болгон, алардын ичинен 5 киши каза болуп (2 эркек, 3 аял), бир жаш бала куткарылган.

28-май күнү 2013-жылы туулган Элдар Жороев да ошол автоунаанын ичинде болуп, ал дайынсыз жоголгон деген маалымат тастыкталдыктан кийин, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен издөө иштерине 83 куткаруучу тартылып күчөтүлгөн тартипте иштер жүрө баштаган. Ага Өзбекстандын күч түзүмдөрү да тартылган.

Сайдын узундугу 150 метр, туурасы 200 метрге чейин жетет. Азыркы учурда куткаруучулар эки метрге чейин казып баланы издеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0