"Бензин жок калды" соцэксперименти: Болот Ибрагимов айдоочулардан акча сурады

Жазылуу
Болот Ибрагимов бейтааныш кишилердин бензинге акча сураган социалдык эксперименттин жыйынтыгына абдан таң калды.

Бишкекте "Бензин жок калды" соцэкспериментин жасадык. "Бензини түгөнүп, жолдо калган" айдоочунун ролун коомдук активист, белгилүү блоггер Болот Ибрагимов ойноду.

Бир жарым саат ичинде алты айдоочу токтоду. Алардын үчөө бейтааныш кишиге бензин куюп алуусуна акча берүүгө даяр экенин көрсөттү.

"Сценарий боюнча мен 100 сом сурадым. Мага акчасын берүүгө ашыккан айдоочуларга мен бул жөн гана социалдык эксперимент экенин айтып, ыраазычылыгымды билдирдим. Акчаны албетте алган жокмун. Чынын айтканда мен абдан таң калдым. Буга чейин бизде мындай мүмкүн эмес болсо керек деп жүргөм", — дейт ал.

Кабарчынын "Сизди кишилер таанып жаттыбы?" деген суроосуна, "алардын жүзүндөгү жылмаюудан улам кээси тааныды окшойт деп калдым" деп жооп берди.

"Токтогондор мени тааныган жок. Бир айдоочу мени алыстан эле көрүп токтоп, жаныма келип, мени тааный турганын айтты. Кандай жардам керек экенин сурады. Мен социалдык эксперимент тартып жатканыбызды айтсам, күлгөн бойдон кетти", — дейт блоггер.

Болот Ибрагимов милициянын акча талап кылып жаткан видеосун интернетке жарыялагандан кийин таанылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0