КР үчүн пайдалуу үч келишим — Исаков ЕАЭБдин саммитинин жыйынтыгы тууралуу айтып берди

Жазылуу
КР президенти Алмазбек Атамбаевдин өтүнүчү менен өлкө үчүн маанилүү болгон үч маселе чечилди. Бул тууралуу президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Исаков президенттин тапшырмасы менен Атамбаевдин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары менен жетишилген макулдашуусун талкуулашканын айтып берди

Картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандын картошкасына салынган тыюуну жоймой болду
Биринчи маселе бирдиктүү темир жол тарифин кабыл алуу. Исаков КР транспорт министрлиги кесиптештери менен жакын арада бул маселелерди иштеп чыгарын, андан кийин бирдиктүү темир жол тарифи кабыл алынарын айтты.

Экинчи маселе — Казакстандын аймагына картошканын киргизилишине коюлган тыюуну алуу. КР президентинин өтүнүчүнөн кийин казак президенти Нурсултан Назарбаев жыйында тийиштүү органдарга тапшырма берген. 

Үчүнчү маселе — Россиядан Кыргызстанга транзит аркылуу келүүчү товарларга атайын экономикалык чараларды киргизүү. Бул маселеге да принципиалдуу макулдук берилген. Жакын арада товардын транзитине бардык чектөөлөрдү алуу боюнча тийиштүү чаралар Кыргызстан тараптан дагы көрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0