Премьер Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгынан жабыркаган аймак менен жеринен таанышты

Жазылуу
Премьер-министрге райондогу абал, табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат берди.

Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар
Жээнбеков жабыркаган объекттерди кыдырып чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү Жийделик участкасында тынбай жаан жаап катуу, сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, бир машина сайга кулап кеткен Ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Дагы бир алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн. Ал эми сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, куткаруучулар издөө иштерин улантууда. 

"Өкмөт башчы белгилегендей, бардык тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан кырсык кесепеттерин кыска мөөнөттө жоюу боюнча активдүү иш жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров, Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы Акрам Мадумаровдор барган.

Президент Алмазбек Атамбаев селден каза болгондордун үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон бөлүп берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0