Күнөстүү Кыргызстан. "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Мамлекеттик "Ала-Арча" жаратылыш паркы Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашып, анда аркар, карышкыр, түлкү, коён сыяктуу жаныбарлар байырлашат.

Выживший (Тирүү калган) кинотасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Голливуддун кайсы тасмасы үчүн Кыргызстан ылайыктуу болмок
"Ала-Арча" жаратылыш паркы 1976-жылы апрель айында негизделген. Анын аймагы 2280 гектарды түзүп, 1316 гектары токой чарбасы болуп саналат. Парк деңиз деңгээлинен 1600-4860 метр бийиктикте жайгашып, анда өсүмдүктүн 600 түрү өсөт. Алардын 50гө жакыны дары чөп болуп саналат. 

Мындан сырткары, мамлекеттик паркта аркар, элик, каман, карышкыр, түлкү, коён, улар, кекиликтер байырлайт. Ошондой эле паркта Кызыл китепке кирген уу жылан, бүркүт, сүлөсүн, кумай, балобандар жашайт. Аймактан илбирстерди дагы кезиктирүүгө болот. 

"Ала-Арча" паркы туристтердин кызыгуусун арттырып, табият койнунда эс алууну каалагандардын сүйүктүү жери болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0