Тор жана балыктар. Рейд учурунда беш чакырымга жакын балык торлору өрттөлдү

Жазылуу
Ысык-Көл мамлекеттик коругунун кызматкерлери көл ичинде он күндүк рейд жүргүзүп, мыйзамсыз балык кармап жүргөн беш кайыкты кармады.

Ысык-Көл мамлекеттик коругунун кызматкерлери 10 күндүк рейдге чыгышты. Рейд иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз балык кармап жүргөн жарандардан беш кайык, 4600 метр балык торлору алынды. 

Белгилей кетсек, азыр Ысык-Көлдөгү айрым балык түрлөрү урук таштап жаткан мезгил. Бул өз кезегинде алардын көбөйүшүнө чоң зыянын тийгизип жатат. 

Элик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элик аткан браконьерге 18 миң сом айып салынып, жандыктын эти балдар үйүнө берилди
Рейддер тынымсыз болгону менен балык кармагандар аракеттерин кайра эле жанданта бериши мүмкүн. Адистердин айтымында, азыр көл үстүнө күнүнө болжол менен жүз кайык чыгат. Алардын ар бири орточо эсеп менен жыйырма килограмм балык кармашат. 

Мыйзамсыз балык кармагандарга каралган айып акчанын көлөмү аз. Бир балык үчун 150 сомдон 800 сомго чейин. Ал эми кармалган адам 3000 сомдон 8000 сомго чейин айып тартат. Кайыгы конфискацияланат. Бирок, бул каражатты браконьер эки-үч күндө эле таап коёт. Адистердин айтымында, Ысык-Көлдө он жыл мурун балыктын отуз алты түрү болсо, азыр жок болуп отуруп жыйырма үч гана түрү калды. 

Жаратылыш коргоочулардын браконьерлер менен тынымсыз күрөшүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Себеби материалдык техникалык база чыңдалган эмес. Ысык-Көл мамлекеттик коругунда бир да кайык жок. Рейд иштерине кайыктарды ижарага алып чыгышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0