Бишкекте өспүрүмдөр арасында мыкты мушкерлер аныкталууда

Жазылуу
Борбор калаада СССРдин спорт чебери жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Виктор Асташенковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө.

Турнир шаршемби күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталып 30-апрелге чейин уланат. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Монголиядан келген спортчулар жана Кыргызстандык мушкерлер катышууда.

Иш-чараны Асташенков атындагы фонд жана КРдин Бокс федерациясы уюштурууда.

Турнирде 15-16 жаштагы өспүрүмдөр 13 салмактык категорияда күч сынашып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0