Кымыз, сүзмө, талкан кошулган балмуздак. Бишкекте этно балмуздактар сатылууда

Жазылуу
Борбор калаада кымыз, сүзмө, талкан, сары май кошулган балмуздактар сатыкка чыкты. Жергиликтүү компаниянын өкүлү Нурбек Үкүбаев алар этно балмуздактарды былтыр күздөн бери чыгара баштаганын айтат.

Ал учурда этно балмуздакты өлкө аймагына жайылтууга аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

"Азыр Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда жайылтуу жагын карап жатабыз. Кардарлар этно балмуздактарды жакшы кабыл алышууда. Эже-байкелер да бизди колдоп жатат", — дейт ал.

Үкүбаев ошондой эле Нооруз майрамына карата сүмөлөк кошулган балмуздак даярдашканын айтты.

Эми күзүндө Көчмөндөр оюнуна келгендерге да этно балмуздактан ооз тийгизип, бир эле Кыргызстан эмес, чет жакка да жайылтууну пландап жатышканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0