Казакстанда уурулукка шектүү жаран балкондон кармалды. Атайы операциядан кадрлар

Жазылуу
Эркек киши Караганда шаарындагы үйдүн 4-кабатынан секирип кетем деп коркуткан. Өз ыктыяры менен түшүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай койгондон кийин ишке куткаруучулар киришкен. Видеодон атайы операциянын кадрларын көрүңүз.

Шейшемби күнү эртең менен бир эркек Бухар Жырау проспектисинде жайгашкан беш кабат үйдүн балконунун тышкы бетине чыгып алган. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери балкондогу киши үй уурулугуна шектелип, кармоо учурунда качып кетүүгө аракет кылып жатканын билдиришкен. Анын үч шериги учурда кармалганын Новости-Казахстан агенттиги кабарлады.

"Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында полиция кызматкерлери шектүү жарандар аталган үйдөн ижарага батир алып жашап жатканын аныкташкан. Үчөө кармалып, ал эми бирөөсү дүкөндүн чатыры аркылуу качып кетем деген ой менен балкондун тышына чыгып алган", — дейт маалымат катчы Батырхан Смаилов.

Анын айтымында, 20 жаштагы шектүү жаран республикалык издөөгө алынган.

Жалпы жонунан шектүү адам балкондо эки сааттай турган. Саат 13.30да куткаруучулар тарабынан түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0