Кибиреген шахматтар. Кыргызстандык жигит Гиннес китебине кирүүнү көздөйт

Жазылуу
20 жаштагы Эржан Нурлан уулу Гиннес китебине кирүүнү көздөп жатат.

Жигиттин буга бардык мүмкүнчүлүгү бар — анын колунан чыккан фигуралар ушунчалык кичине болгондуктан, аларды өтө үңүлүп караганда гана байкоого болот.

Гиннестин рекордун жаңырткан Алтынбек
Учурдагы рекорд франциялык скульпторго таандык. Анын жасаган фигураларынын көлөмү 5-10 миллиметрдин айланасында.

Ал эми Эржандыкы 5 миллиметрден да кичине. Аларды жасоо үчүн жигит көз майын коротуп канча деген карандаштын түбүнө жеткен.

Графит материалы менен бир нече жылдан бери иштеп келет. Чебердин колунан чыккан алгачкы фигура шахматтагы пешка болгон, калганын кийинчерээк өздөштүргөн.

Эржан дүйнөлүк рекордду жаңылап, эң кичине шахмат жасоону кыялданып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0