Кечиккен "Кызыл жылдыз" ордени же капысынан билинген белек

Жазылуу
Согуш ардагеринин уулу Марат Үмөтов анын атасы Берлинди алганы үчүн "Кызыл жылдыз" орденине ээ болгонун тастыктаган документтерди тапканын Sputnik Кыргызстан бир жыл мурда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында жазган.

Документке ылайык, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандык Каратай Үмөтовго "Кызыл жылдыз" ордени ыйгарылган.

"Мен КР коргоо министрлигине жана Россиянын элчилигине кайрылдым. Үч айдын ичинде жооп келет дешкен. Кайдагы үч ай, азыр бир жылга жакындайын деп деле калды", — деп нааразы болот Марат Үмөтов.

Берлинге чейин барып согушкан 90 жаштагы Анвар ата өзүнөн бир жаш улуу үйдө жашайт
КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы эмне үчүн сыйлык өз ээсине бериле электигин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине түшүндүрүп бере алган жок. Болгону дагы тактоо иштери жүргүзүлөрүн гана кошумчалады.

Ардегердин баласынын айтымында, атасы аскерге 1939-жылы чакырылган. Каратай Үмөтов Орел шаарына жакын жерден жаракат алган. Кийин 1945-жылы 16-апрелде Берлинди алууда катуу жарадар болгон. Россиялык сайттардан табылган документтерге ылайык, Каратай Үмөтовго 1945-жылы апрелде Кызыл Жылдыз ордени ыйгарылган.

Ал 9-майга чейин атасынын сыйлыгын колуна алам деп үмүттөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0