Хоккей боюнча турнир: кыргызстандыктар катарлыктарды кантип жеңди

Жазылуу
Хоккей боюнча Азия Кубогунун алкагында экинчи оюн жекшемби күнү, 10-апрелде Бишкекте өткөрүлдү. Анда Кыргызстан менен Катар курама топтору беттешти.

Кыргызстандыктар каршылаштарын чоң ажырым менен 9:0 эсебинде жеңип алды

Бассейндеги сууда сүзүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР сууда сүзүүчүлөр Дубайдагы турнирде дагы 8 медаль тагынышты
Буга чейин, ишемби күнү өткөн турнирдин биринчи оюнунда кыргызстандыктар индиялык каршылаштарын 11:1 эсебинде жеңип алган. Турнир Бишкекте өткөрүлүп жатат. Анын ачылышы ишемби күнү, 9-апрелде болгон. 

Кыргызстан курама тобу аталган мелдешке үчүнчү ирет катышып жатат. Жеңүүчү топ Азия Кубогунун элиталык дивизионуна чакыруу алат. 

2014-жылы Бишкек Азия Кубогунун биринчи оюнун Индия, Кыргызстан, Макао жана Сингапурдун катышуусунда өткөргөн. Кыргыз курама тобу финалдык оюнда Макаого жеңилип, экинчи орунду ээлеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0