Апрель элдик революциянын курмандыктары Ата-Бейитте жана Бишкек шаарында эскерилди

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү алгач, эртең менен "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде 7-апрель элдик ыңкылабында курман болгондорду эскерди.

Апрель революциясынан багы ачылган беш инсан
Ал жерде президент Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Темир Сариев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева болду. Андан сырткары курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары болду.

Курман болгондого Куран түшүрүлдү.

Андан соң Атамбаев "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн шейит болгондордун эстелик монументине гүл койду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0