Жаалданган жарандар жана кыйкырык — КТРК имаратынын алдындагы митинг

Жазылуу
КТРКдан көрсөтүлгөн сюжет менен макул болбогон кишилер телеканалга келишип, түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

"Жеткиликтүү турак-жай" жарандык кыймылынын мүчөлөрү Горький атындагы паркта митинг өткөрүп, аны КТРКнын маңдайында улантышты.

Алар турак-жай куруу бөлүнгөн жерге курулуш баштоо үчүн инвестор таап, алардын талаптарына жооп бергидей шартта сүйлөшүү болгонун айтышат.

Таласта апрель окуясында курман болгондордун элесине арналган эскерүү митинги өттү
Бирок, КТРК демилгечилердин аракетин бурмалап, туура эмес маалыматтарды берген дейт нааразы болгон тарап.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков митингчилердин алдына чыгып, митингчилердин маселеси боюнча башка сюжет тартыла турганын айтты. Ал ошондой эле телеканал кызматташууга даяр экенин билдирди. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына ал нааразы тарап кайсыл документтерге таянып сюжет даярдалганын талап кылышкан. 

Митингчилерге документтер көрсөтүлө турганын ал кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0