КРде табылган байыркы тыйындар: иероглифтен "Бир гана кудай бар" чегүүсүнө чейин

Жазылуу
Кыргызстанда табылган байыркы монеталар аркылуу элдин жашоосу, анын башкаруучусу, байлык жана соода-сатык мамилелери, кол өнөрчүлүктүн өнүгүү деңгээли, ким менен согушуп, кантип жеңгени тууралуу көп маалыматты билсе болорун тарых илимдеринин кандидаты Александр Камышев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Төбөсүнөн жаан өткөн Өзгөн мунарасы жардамга муктаж
Ал нумизматика менен 40 жылдан ашуун алектенип келет. Жүздөн ашык илимий макалаларды жазып, бир нече монографиялары жарык көргөн. Камышев эл аралык COINS конкурсунун калыстар тобунун мүчөсү.

Камышевдун айтымында, Кыргызстандын аймагында өзүнүн акчалары VIII кылымда пайда болгон. Алгачкы жез тыйындар Чүй жана Талас өрөөнүндө Түргөш каганаты доорунда чыгарылганын окумуштуу айтат.

"Кыргызстандын аймагында колдонулган биринчи тыйын Кытай тыйындарынын көлөмүндө болгон. Түргөштөрдүн Сулук каганы тарабынан 1300 жыл мурун киргизилген тыйындар жасалышы жагынан кытай тыйындарына окшош. Алардын өзгөчөлүктөрү – иероглифтин ордуна хандын мөөрү басылган", — дейт окумуштуу.

Анын айтымында, исламды кабыл алгандан кийин динар, дирхамдын бир бетине 33 сөзгө чейин маалымат чегилген: башкаруучунун аты, наамы, чыгарылган шаары, жылы, ошондой эле айрым учурда вазирлердин аты жана зээркананын жетекчисинин аты көрсөтүлгөн. Бир бетинде болсо "Алладан башка Кудай жок" деген сөз чегилген.

"Ал эми жаңы басылып алынган шаарларда дароо металл акчалар жүгүртүлүп, ал шаардын аты монетада жазылган. Ошентип дирхемдеги жазуулар боюнча мамлекеттин кеңейгенин, хандардын алмашуусун, алардын басып өткөн жолун, дегеле Караханиддердин генеалогиясын көрүүгө болот", — дейт тарыхчы.

Учурда Камышев орто кылымдын башына таандык эки миңден ашык тыйындын үстүндө иштеп, инфляция теориясынын негизинде алардын чыгарылышы боюнча өз хронологиясын түзгөн. Эски тыйындардын арасында Гиннес китебине кирүүгө татыктуу тыйындар да бар. Мындай тыйынга Карлук каганатынын "инфляциялык" кичинекей тыйыны кирет.

Камышевдин тыйындар коллекциясы Улуттук банктын музейинде сакталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0