БТР айдаган аскерлер жана тикенек зымдын алдынан жөргөлөгөн "Скорпиончулар"

Жазылуу
Бейшемби күнү атайын даярдыктагы "Скорпион" тобунун жоокерлери өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн базасында жашыл беретке ээ болуш үчүн сыноодон өтүштү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Бул экзамен жаш жоокерлерди 2016-жылдагы окуу жылга даярдоо планынын алкагында өттү. Алар аскердик атрибуттардан болгон – жашыл беретке ээ болуу үчүн катаал сыноолорго чыдашы керек. Ал үчүн дене бой, моралдык-психологиялык жактан даярдыктан өтүп, аскер иштери боюнча теориялык билимин бекемдеши шарт.

Бутаны мээлеген жоокер - Sputnik Кыргызстан
"Пантеранын" көк жал азаматтары жана оозун ачып суктанган окуучулар
Токмок шаарындагы полигондо жаш жоокерлер үчүнчү, акыркы этапты өтүштү. Аскердик буюм-тайымдары, куралдары менен кошо дөңсөөлөргө чуркап чыгып, кайра түшүп 10 чакырымга чейин жол басышы керек. Автомат менен бутага тийгизе атып, аны көз ачып-жумганча чачып жана курашы зарыл. Ар кандай кырдаалда жол таап, коркунуч жараткан душманын жеңе билип, андан сырткары радиобайланыш менен тиешелүү маалыматтарды берип турууга милдеттүү.

Сыноодон татыктуу өткөн жоокерлерге 9-апрелде салтанаттуу түрдө эңсеген жашыл береттери тапшырылат. Башкы штабдан жашыл берет кармашка кирүүгө ардактуу укук берген атрибуттардын башында турат деп билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0