Өнүп кеткен пияз, 250 миң сом насыя жана мээнети акталбаган дыйкан

Жазылуу
Баткен районун Газ айылынын тургуну Салыжан Тагаев былтыр 250 миң сом насыя алып, бир гектар жерге пияз айдаган. Ал жерден 40 тонна түшүм алып, учурда болгону 10 тоннасын гана сата алган.

Тагаев былтыр күзүндө пияздын бир килограммы 10 сомдон болгонун айтат. Бирок, жазында баа болот деген ниет менен түшүмүн жазга сактаган.

"Азыр 10 тонна пиязды эптеп 7 сомдон саттык. Калганы үйдө турат, күн жылыгандыктан өнүп кетти", — дейт ал.

Дыйкан андан сырткары короосуна күнөскана куруп, ал жерге укроп, петрушка жана көк пияз эккен. Азыр ал бышып жетилген, бирок дыйкан базарга чыгып өз продукциясын саталган эмес. Анткени кошуна өлкөлөрдөн аткезчилик жол менен кирип жаткан жашылчалардын баасы бир кыйла төмөн. Андыктан жергиликтүү дыйкандар мээнетинин үзүрүн көрбөй жатканын ал кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0