Бишкектин биринчи вице-мэри башаламан сооданы жөнгө салуу боюнча Ош базарга барды

Жазылуу
Ош базарында башаламан сооданы четтетүү иштеринин алкагында биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков, Ленин районун акими Аскар Мирлан уулу аталган соода жайга барды. Алар менен кошо Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын ИИББ кызматкерлери жүрдү.

Шабдан баатыр көчөсүндөгү сквер 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга арналат
Базарда соода кылган сатуучулар тиешелүү документтер жана ар кыл суроолор боюнча киреге алып иштеткен чарба субъектилеринин ээлерине жолугуу, сүйлөшүү кыйын деген пикирлерин билдиришти.

Рейддин жыйынтыгында биринчи вице-мэр Малабеков  Ленин районунун акимине ар бир сатуучунун укугун коргоо,  райондун аймагындагы 72 чарба субъектилеринин ээлеринин ар биринин жоопкерчилигин белгилөөнү тапшырды.

Андан сырткары сатуучулардын Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишими да текшерилмей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0