Өкүнүү жана көз жаш. Москвада мекендештерди тоноп жүргөн кыргызстандыктар кармалды

Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкерлер Кыргызстандын Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун тургундары экени аныкталды.

Маалыматка ылайык, март айынын башында Москва полициясына жана Кыргызстандын ИИМнин Москвадагы өкүлчүлүгүнө каракчылардан жабыркаган адамдардан арыз түшкөн.

Болжол менен 25 жаштагы эркек менен аял кыргызстандык жарандардын үйүнө барып акча төлөп болсо деле түнөп кетүүнү суранып келишкен. "Үй-бүлөгө" боору ооруган мекендештер бир бөлмөсүн ижарага берүүгө макул болушкан. 

Бирок кечке маал же таңга жуук бет кап кийген "жубайлар" үй ээлеринин бычак менен коркутуп, акчасын, баалуу буюм-тайымдарын, алып кетип жүрүшкөн. 

Муштугун түйгөн киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте күркө ээсинин уулун сабап, тоноп кеткен топ кармалды
Мындай жорук бир айда үч жолу кайталанып, жалпы жонунан 143 миң рублдик зыян келтирилген. 

Ар бир факт боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 162-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, эки өлкөнүн күч органдары тарабынан 25-мартка караган түнү аталган кылмышка шектүү катары Оштун Кара-Кулжа районунун тургуну 23 жаштагы жигит жана Өзгөн районунун 27 жаштагы тургуну (кыз) колго түшүрүлгөн.

Учурда алардын күнөөсү мойнуна коюлуп, камакка алынды. Тинтүү учурунда алардын жашаган жеринен пневматикалык тапанча, планшет, телефон аппараттары табылган. 

Тергөө иштеринин жүрүшүндө алар тарабынан бир ай ичинде жасалган кылмыштын бети ачылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0