Картинг боюнча өлкө чемпионаты: асмандан алаканга салгандай көрүңүз

Жазылуу
Токмок шаарында жекшемби күнү картинг боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты болуп өттү. Турнирди "Мото Экстрим" федерациясы Автоспорт жана жол коопсуздугу федерациясынын жетекчилиги алдында өткөрдү.

Мелдеш түрдүү жаш категориясында өттү. Анын ичинен 7-13 жашка чейинкилер арасында да уюштурулган. Кичинекейлер арасында бишкектик Алексей Клевцов чемпион болду. Экинчи орунду Арсений Андреев алса, үчүнчү орунга Камила Мамытова татыды.

Шамал менен жарышып — авиамоделисттер өнөрлөрүн тартуулашты
"Ракет" категориясы боюнча (6-11 жаш) бардык байгелүү оюндарды Карагандадан келген балдар ээледи. "125J" категориясы боюнча (13-16 жаш) биринчи орунду Антон Алабужев алса, экинчи орунду Казакстандан келген Александр Кулаев, үчүнчү орунду бишкектик Денис Селезнев камсыздады.

125 категориясы (15 жаштан жогору) боюнча бардык байгелүү орундарды бишкектик Кирилл Гаврилов жана Александр Рудко алды.

KZ2 категориясы боюнча 16 жаштан жогорку спортчулар арасында бишкектик Герман Клевцов менен Станислав Карчин биринчи, экинчи орунду алса, карагандылык Вячеслав Кильмаматов үчүнчү орунга татыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0