Нооруз майрамына тыюу салынгандыктан Стамбулда полиция менен демонстранттар кагышты

Жазылуу
Күрддөрдү колдоого алган демонстранттар түрк бийлиги Нооруз майрамын майрамдоого тыюу салган чечим кабыл алгандан кийин полиция менен кагылышты. Стабулдун көчөлөрүндө болгон окуяны видеодон көрүңүз.

Аэропортто текшерүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Брюсселдеги жардыруудан кийин Кыргызстандын аэропортторунда күчөтүлгөн режим киргизилди
Стамбулдун көчөсүнө чыккан демонстранттарга каршы түрк полициясы суу менен атуучу курал жана жаш агызуучу газ колдонду. Демонстранттар полицияга каршы күйүүчү зат куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытты.

Буга чейин түрк бийлиги террордук коркунучтан улам Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салган.

Нооруз майрамы Түркия, Иран, Ирак (күрддөр жашаган аймакта), Афганистанда, Индияда, мурдагы Советтер Союзунун курамындагы мусулман өлкөлөрдө (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Азербайжан), Албания, Македония жана Россиянын бир катар аймактарында белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0