Кармаган жеринен кан чыккан балбандар — Бишкекте алыш күрөшү боюнча турнир өттү

Жазылуу
Бейшемби күнү Бишкек шаарында алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган турнир борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда болду.

Ага 14 мамлекеттен — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларуссия, Грузия, Молдова, Иран, Россия, Пакистан, Түркия, Нидерланддар жана Кыргызстан спортчулары катышты.

2016-жылкы Олимпиада оюндарынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбандар Астанада олимпиаданын лицензиясы үчүн күч сынашат
Турнир аялдар жана эркектер арасында 12 салмак категориясы боюнча өттү. Мелдештин жыйынтыгында эң көп медалды Кыргызстандын спортчулар алышты. Жалпы эсеп боюнча алар 23 медаль алышкан. Эркектер үч алтын, төрт күмүш жана жети коло медаль утушса, аялдар үч алтын, үч күмүш жана үч коло медалга ээ болушкан.

Эркектер арасындагы мелдеште Түркмөнстан үч алтын, бир күмүш жана бир коло алды. Россия болгону бир күмүшкө ээ болду. Казакстан, Түркия, Тажикстан жана Өзбекстан бирден коло медалга татышты.

Ал эми аялдар ортосундагы беттеште Түркмөнстан үч алтын, бир күмүш жана эки коло утса, ирандык айымдар эки күмүш жана үч коло медалга ээ болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0