Президент Алмазбек Атамбаев бабалары түштүктөн Чүйгө келгени жөнүндө айтып берди

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев 17-мартта Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерди.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монумент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иштерман, үзүлгөн үмүт жана уютку. Аксы окуясы 9 жашар баланын көзү менен
Өлкө башчысы өз сөзүндө кыргыздар бөлүнүп-жарылбашы керектигин айтып, бир бүтүн болуп жашашы зарыл экенин кошумчалады.

Атамбаев тарыхчылар анын ата-тегин иликтеп, алар түштүктөн Чүйгө 1845-жылдары келгени жөнүндө айтып беришкенин билдирди. Ошол күндөн ушул кезге чейин анын ата-бабаларын эч ким "башка жактан келдиңер деп кодулап, бөлбөгөнүн" баса белгиледи.

Президент элди ынтымакка чакырып, бөлүнбөө керектигин ата-бабалар буга чейин эле айтып келгенин билдирди. Андыктан бузукуларды ээрчип бөлүнбөйлү деп элди биримдикке чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0