"Тез жардам" кызматынын имаратындагы мушташ – видеобайкоого тартылган кадр

Жазылуу
"Тез жардам" кызматы мас абалындагы бейтаптын чаң-будуң салган учуру видеобайкоого тартылып калганын билдирди. Ал залда турган эмеректерди тепкилеп, телефон аппаратын талкалаган учуру тартылбай калган. Бирок, милиция кызматкерлери аны алып чыгып баратканы даана көрүнөт.

Бишкектеги "Тез жардам" кызматына келген мас болгон бейтап келип чыр салганын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов айтып берди.

Бул окуя шейшемби күнү кечинде болгон.

"Саат 19:44 чакыруу келип түшкөн. Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен бир киши өзүн жаман сезип турганы маалымдалган. Окуя болгон жерге бригада чыккан. 39 жаштагы киши жүрөк тушу ооруп жатканын, буга чейин эки күн бою арак ичкенин айткан", — дейт Борисов.

"Тез жардам" аны Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып келип, электрокардиограммага тартып, натыйжада жүрөгү жайында экени аныкталган. Андан соң Бишкек шаардык төртүнчү ооруканага алып барышкан.

"Ооруканага баратканда ал жолдон машинаны токтотууну талап кылган. бейтап сөгүнүп-сагынып тез жардам бригадасынын айдоочусуна асылган. Андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Бир аздан соң ал өзү тез жардам кызматына келип, ага дезинтоксикациялык терапия жасап уктатуучу дары саюуну талап кылган", — деди Борисов.

Мас абалындагы бейтап ызы-чуу салып сөгүнүп-сагынып, "тез жардам" кызматынын өкүлдөрүн кемсинтип, залда турган эмеректерди тепкилеп, телефон аппаратын талкалап салган.

"Тилекке каршы, видеокөзөмөлгө анын чыр салган учуру толук тартылбай калган. Анткени негизги окуя камера тартпай турган жерде болгон", — деди ал.

Учурда тез жардам кызматынын жетекчилиги бейбаштык кылган жаранга чара көрүлүшү керектигин белгилеп, милицияга арыз менен кайрылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0