Үч жыл мурун университетти аяктаган 85 жаштагы кемпир жумушсуз калды

Жазылуу
Бишкек шаарынын 85 жаштагы тургуну Людмила Титова жумушсуз калганына кайгырбай, өз колу менен тарткан сүрөттөрүн көргөзмөгө койду.

Үч жыл мурда Людмила Титова өзү окуган университетте эң улуу студент болуп саналчу. Быйыл ал 85 жашка чыкты. Байбиче Ишеналы Арабаев атындагы университетинен көркөм сүрөт өнөрү боюнча билим алган.

"Мен көп жыл бою мектепте иштедим. Окуучуларга көркөм сүрөт өнөрү боюнча сабак берчүмүн. Бирок педогогикалык билимим жок эле. 77 жашымда университетке тапшырайын деп чечтим, себеби айлык акымдын жогорулашын кааладым. Бюджеттик бөлүмгө өттүм. Беш жыл окуп, диплом алдым. Бирок, мектепте сааттар кыскарып, предметтик сабактар кирбей калгандыктан мектептен кетүүгө туура келди", — дейт Титова.

Учурда ал Мамлекеттик орус улуттук драма театрынын залына жасаган эмгектерин койду. Ошондой эле "Дарылануу үчүн" деген жазуусу бар кутучаны орноткон.

Алган 6,5 миң сом пенсиясы тамак-ашынан артпайт. Анын жесир калган майып келини да жарыбаган акча алат. Ал жалгыз уулунан ажыраган. Ошондой эле күйөөсүн да о дүйнөгө узаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0