Марттын аягында Бишкек шаарына жаңы автобустар келерин калаа башчысы айтты

Жазылуу
Бишкек шаары үчүн замандын талабына жооп берген троллейбустар менен автобустар алына турганын калаа башчысы Албек Ибраимов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына интервью учурунда билдирди.

Анын айтымында, экологиялык коопсуздукту да эске алуу менен шаарга электр энергиясы менен жүргөн унаалар керек.

"Коомдук унаа маселеси экология менен тыгыз байланышкан. Биринчи кезекте бизге электр менен жүргөн унаа керек. Быйыл 50 троллейбус алабыз. Бул болжол менен үч жаңы маршруттун ачылышын камсыздайт. Мындан тышкары алар заман талабына жооп берген унаалдардан болот. Аны зымдан ажыратып, аккумулятор менен 30 чакырымдай жүрө алат", — дейт Ибраимов.

Андан сырткары газ менен иштеген 100 автобус алына турганын кошумчалады. Гранттык негизде 10 даанасын 25-мартта алуу пландалууда.

Калаа башчысы эски коомдук транспортту оңдоп, эгер оңдоого да туура келбесе жок кылына турганын айтты.

Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри Албек Ибраимовдун алгачкы берген интервьюсун эл аралык Sputnik Кыргызстан агенттигинин youtube-каналы аркылуу көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0