Жалал-Абадда мамлекеттик туу күнү майрамдык салтанат менен белгиленди

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандын желегинин кабыл алынганына туура 24 жыл толду. Жалал-Абад шаарынын жаштары облус жетекчилери менен биргеликте бул күндү белгилешти.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева мындай иш чаралардын максаты жаштарды мекенди сүйүүгө үйрөтүү экенин айтты.

"Биз бардык кыргызстандыктарды өз элин сүйүп, Кыргызстандын желеги алдында биригүүгө чакырабыз", — сказала Эгембердиева.

Кыргызстандын желеги мамлекеттик гимдин коштоосунда көтөрүлдү.

Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча президенттин буйругу 2009-жылы 10-июнда чыккан.

Желек күнүнө карата String art ыкмасы менен жасалган желек. Ага 13,5 миңден ашык мык жана 20 чакырымдай жип кеткен - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын желегине 24 жыл. Дээрлик чейрек кылым ичиндеги туу сүрөттөрдө
Өлкөбүздүн мамлекеттик туусу чымкый кызыл кездемеден жасалып, анын ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түспөл күндөн, анын чок ортосуна кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн.

Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат.

Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөндүү тарыхтын, бекем биримдиктин символу. 

Түндүк көтөрүү — өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктүн сүрөттөлүшү элде айтылган "төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң" деген чалкар философиялык түшүнүктү сыпаттап турат.

Кыргызстандын флагштогунун бийиктигин дүйнөлүк рейтингтен Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0