Атамбаев менен Путиндин жолугушуусунан видеотасмалар

Жазылуу
Жолугушууда Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алып, эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелер талкууга алынды.

Москва шаарында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен Россия президенти Владимир Путин жолукканын мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

"Биздин кызматташуунун мүнөзү тууралуу айтунун зарылдыгы жок. Кыргызстан биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз. Учурда ортодогу стратегиялык мамилелер калыптанууда. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен эки өлкөнүн кызматташуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Анын натыйжасы өлкөнүн экономикасынын өсүшүндө деп ойлойм", — деди Путин. 

Россия президенти мурда макулдашкан пландарды ишке ашыруудагы өкмөттөр аралык комиссиянын ишин баса белгиледи.

"Мурда сүйлөшүлгөн өз ара макулдашууларды жакшыртууну улантабыз. Бул үчүн баардык негиздер бар", — деди Россия башчысы.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Россия президенти менен актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттанып жатканын белгиледи.

"Биз бир гана соода-экономкалык эмес, стратегиялык өнөктөшпүз", — деди Атамбаев.

Иш-чарада өлкө башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелерин, биргелишкен долбоорлордун ишке ашырылышын жана евразиялык интеграциянын өнүгүшүн талкуулашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0