Дүйнөнүн төрт бурчундагы мекендештер колуна желек кармап Кыргызстанга салам жолдошту

Жазылуу
3-март желек күнүн белгилөөдө чет мамлекетте жашап, иштеп жаткан мекендештер дагы сыртта калган жок. Алар Кыргызстанды сагынганын жана ал абдан кооз өлкө экенин айтышты.

Өз саламдарын, Түркия, Австралия, Түштүк Корея, Швейцария, Италия жана Чехия мамлекеттеринде иштеп, жашап жүргөн мекендештер жолдошту.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: желек —жарандарды боордош, келечекке сапарлаш экенин туюндурган кудурет-күч
Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Аны Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыгышкан.

Өлкөбүздүн мамлекеттик туусу чымкый кызыл кездемеден жасалып, анын ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын төспөл күндөн, анын толтосуна кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн.

Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат.

Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөндүү тарыхтын, бекем биримдиктин символу. 

Түндүк көтөрүү — өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктөн сүрөттөлүшү болсо, элде айтылган "төгөрөктөн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң" деген парадоксалдуу чалкар философиялык түшүнүктө сыпаттап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0