Жети буттуу козу Базар-Коргондо кыштоодо туулду

Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылындагы фермердик чарбалардын биринде жети буттуу козу туулган. Мындай көрүнүшкө күбө болгон чабан Батырбек Сулайманов алгач чочуп, ал тургай бир саамга таңгалып карап турган.

Чабан мындай көрүнүш алгач аны чочуткандыгын айтып берди.

"Эртең менен саат ондорго кой толготуп, тууй албагандыктан, өзүм туудурган элем. Карасам эле, жети буттуу экен. Чочуп кеттим. Алгач, козу тың эле болчу, сүт бердим, үч буттап басат эле", — деди Сулайманов.

Бирок, жети буттуу жаныбарды капыстан өлтүрүп алышкан.

"Козу тың болгондуктан, аны кечинде жалпы короого калтырып койсок, койлор тебелеп өлтүрүп салыптыр", — деди чабан.

Ал эми фермердик чарбанын ээсинин уулу Баястан Абдыгапаров козунун ашыкча буттарынан сырткары эки жыныстык мүчөсү бар экендигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0