Ноокендик куруучунун күнөсканасындагы банандар, ананас жана кофе дарагы

Жазылуу
Ноокен районунун тургуну Салижан Сабиров 2006-жылы кошуна Өзбекстандагы тааныштарынан банандын эки көчөтүн алып келип, үй шартында өстүрүп баштаган.

Британиядагы ишин таштап Кыргызстанга келген мекендеш күнөскана ишин колго алды
Арадан 10 жыл өткөндөн кийин 40 сантиметрлик кичинекей эки көчөт 100 банан дарагына айланды. Учурда тропикалык бул өсүмдүк мөмө байлап, багбандын көөнү жай болуп турган кези.

Сабировдун аянты эки сотых, бийиктиги алты метр болгон күнөсканасында өсүмдүктөрдүн жыйырмага чукул түрү бар. Багбан учурда Ноокен жергесинде тянь-шань карагайларынан тарта, гүлдөрдүн түрлөрүн, тропикалык жемиштерди — киви, ананас, андан сырткары лимон өстүрүүдө.

Бизди кызыктырганы — Кыргызстандын жаратылышына көнүп, кадимкидей мөмө байлап, өсүп кеткен банан дарактары болду. 

"Дарактын жоондугу беш карыштай бар. Эгер жакшы байласа, бир алганда 200-300гө чукул банан алса болчудай. Бир шагында 20га чукул даанасы өсөт экен",— деди Сабиров. 

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында буга чейин тигилбеген өсүмдүктөрдүн уругун багбан Сабиров негизинен Кытайга жана Россияга каттагандардан алдырат экен. 

Ал банан өстүрүү маданияты акырындык менен Кыргызстанга, анын ичинен Жалал-Абад, Ош облусуна тарай баштагандыгын айтты. 

"Кызыккандар жыл сайын арбып бара жатат. Эл негизинен кооздук үчүн, эшик алдына өстүрөбүз деп көчөт сурап көп кайрылышат. Кезегинде 30-40 сантиметрлик банан дарагын 1600-1800 сомдон алгам, сурагандарга азыр кыйла эле арзан баада берип жатам", — деди ал. 

Сабиров анын теплицасындагы жемиштердин бардыгы экологиялык жактан таза экендигин айтып, химиялык жер семиркичтерди эмес, кадимки эле уйдун кыгын колдоноорун кошумчалады. 

Дагы бир кызык факты – күнөсканада багбан үч жылдан бери өстүрүп келе жаткан кофе дарагы (көчөтү) да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0