Депутаттар Бишкектин жаңы мэрине чарбачыл болсун деп камчы карматышты

Жазылуу
Ишемби күнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Кыргызстандын борбор калаа башчылыгына Албек Ибраимовду шайлашты.

Визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Исторический музей - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Тарых музейине Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн белекке берди
Бирден-бир жалгыз талапкерге 42 депутат "макул" деген добушун берсе, бирөө каршы болду. Ибраимовдун талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган.

Шаардык кеңеште 45 депутат бар, эгерде талапкер 23төн кем эмес добуш алса, жеңди деп эсептелет.

Шаардык кеңештин депутаттары шаардын жаңы башчысына калпак кийгизип, чапан жаап, колуна камчы карматышты. Муну алар "чарбачылык иштерин камчы салдырбай алып кетиңиз" деген маанайда түшүндүрүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0