Сариев аскердик унаа башкарып бара жатып мамлекетти кантип күчтөндүрүү керектигин айтты

Жазылуу
Темир Сариев өкмөт мүчөлөрү менен бирге Балыкчы шаарында аскерлердин күжүрмөн даярдыгына күбө болду.

Бутаны мээлеген жоокер - Sputnik Кыргызстан
"Пантеранын" көк жал азаматтары жана оозун ачып суктанган окуучулар
Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүндө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн резервдик түзүмдөрүнүн аскердик машыгууларына күбө болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Машыгуулар Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүндө куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы тарабынан Шанхай кызматташтык уюмунун "Тынчтык Миссиясы-2016" антитеррордук окууларынын алкагында өткөрүлүүдө.

Темир Сариев машыгуулардын жүрүшүндө БМП айдап, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

"Армиябыз күчтүү болсо мамлекетибиз кубаттуу болот. Коопсуздукту бекем сактоо үчүн аскердик даярдыкты жогорку деңгээлде көрсөтүү керек", — деди Сариев.

Премьер-министр учурда негизги милдет аскерлердин күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл буруу менен татыктуу деңгээлде кармоо зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0