"Кара жоргону" катырган "кара тору" футболчу дүйнөлүк чемпионатта гол киргизсем деп самайт

Жазылуу
"Алай" футбол клубунун оюнчусу Алиа Силла Кыргызстанга 2013-жылы келген. Буга чейин Тажикстанда ойногон.

Силла Кыргызстанда кооз жерлер жана футбол күйөрмандары көп экенин айтат. Айрым күйөрмандар чогулуп келип футболду такай көрүшөт.

"Кара тору" жигит футбол ойноп акча таап, машина, үй алсам деп тилейт. Андан кийин жакшы кызга үйлөнөм деген илгери үмүтү бар.

"Кыздардын жердигине, же башка өзгөчүлүгүнө деле көңүл бурбайм, башкысы жакшы кыз болсо болду", —дейт Силла.

Ага Криштиану Роналду менен Неймар өзгөчө жагат. Неймардын топту алдаганына абдан кызыгарын кошумчалады.

Андан сырткары дүйнөлүк чемпионтка катышып гол киргизсем деген үмүтү бар экенин жашырган жок. Анын баласы да футбол ойноп, гол киргизишин көптөн көп тилей турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0