Бишкек шаарынын атын атагысы келбеген жараны муктаждарга бекер нан таратып келет

Жазылуу
Атын атагысы келбеген аял күн сайын 30 бөлкө нанды муктаж адамдар үчүн сатып алат.

Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсүндөгү (Чүй менен кесилишет) соода күркөлөрүнүн биринде үч айдан бери муктаж адамдарга бекер нан берилип жатканын сатуучу Клара Кожомкулова билдирди.

"Үч ай мурун биздин соода күркөбүзгө кош бойлуу бир айым келип жардамга муктаж болгон ардагерлерге жана үй бүлөлөргө кол кабыш кылгысы келгенин айткан. Ал күнүгө отуз бөлкө нанды муктаждарга бекер берүүнү суранган. Биз аны үч айдан бери берип келебиз. Ал күн сайын 30 бөлкө нандын акчасын төлөйт", — сатуучу.

Атын атагысы келбеген аял бул соода күркөсүнө ай сайын 16,5 миң сом берет. Бул каражатка күн сайын 30 бөлкө нан алынат.

Бул жерден бекер нан алган ардагерлер атын атагысы келбеген келинге чын ден соолук каалап, дайыма алкашат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0