Өспүрүм: таштанды тергенде мурда жүрөгүм айланчу, азыр көнүп калдым

Жазылуу
Өспүрүмдөр антисанитардык шарттарда иштеп, ата-энелерине жардам беришет. Ата-энелер балдарынын ден соолугун тобокелге салып, аларды иштетүүгө аргасыз экендигин айтышууда.

Нурбек (аты өзгөртүлдү) 14 жашта. Ал айылда жумушу жок кыйналган ата-энесине жардам берүү үчүн мектепти таштап, үч айдан бери шаардык таштандыда желим, айнек бөтөлкө терип иштөөгө аргасыз болгондугун айтат. Нурбек бул жерден жийиркенгенине карабай иштеп, тапкан акчасын айылга жиберип турарын кошумчалады.

"Башында келгенде жүрөгүм айланып, кыйналдым. Бирок кийинчерээк көнүп кеттим. Тамакты үйдөн ала келип, ушул жерде эле жеп алам. Күнүнө 600 сом акча таап, аны ата энеме жиберем", — дейт ал.

Өспүрүм анча-мынча сасык тумоолоп калганы болбосо, көп деле оорубай тургандыгын билдирди. Анын айтымында кар түшкөндө таштанды терүү мүмкүн эмес. Ошондуктан ал кар түшөөрү менен ал айылга барып, окуусун улантат.

Ал эми Анарбек (аты өзгөртүлдү) 13 жашынан баштап таштанды терип иштегендигин айтты. Ал 11-классты аяктагандан кийин деле, көнүп калган ишин улантууда.

"8-класстан бери таштандыдан бөтөлкө чогултам. Ден соолугума таштандынын зыяны тийген деле жок. Бул жакта иштеген жаш балдар көп. Биз мындай кир, сасыган жерде иштегенибиз менен көп оорубайбыз деле. Бизге караганда таза жерде жашаган, шаардык балдар көп тумоолошот", — дейт ал.

Балдар бул жерде өз алдынча же ата-энеси менен чогуу иштешет. Аты-жөнүн атагысы келбеген бир ата-эненин айтымында, ал антисанитардык абалда иштөө балдарынын ден соолугуна зыян экендигин түшүнөт. Бирок кошумча акча табуу үчүн балдарын да өзү менен таштанды тердирүүгө аргасыз.

"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, биз да балдарыбыздын жакшы билим алып, жакшы жерде иштешин каалайбыз. Жакшы билим берүү үчүн акча табыш керек. Жумуш жоктугунан ушинтип, таштанды терип, балдарыбызга да тердирип, күнүмдүк наныбызды таап жатабыз", — дейт ал.

Адабият мугалими: балдарымды багуу үчүн ТЭЦ таштандысында көмүр издеп жүрөм
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында, 2014-жылы Кыргызстанда беш жаштан 17 жашка чейинки 1 миллион 488 миң бала жумушка тартылган. 

Аталган жылы өлкө боюнча 276 миң 218 бала катаал шарттарда иштесе, эң көбү Ош, андан кийин Нарын облусунда кездешкен. 

Эксперттердин айтымында, жакырчылыктын кесепетинен өспүрүмдөр айдоо талааларында, кароосуз калган көмүр шахталарында, таштандыларда иштөөгө же кайыр суроого аргасыз болушууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0