Мээнетти кайтарган "меринос" койлору — фермерлер жайыттын тардыгын айтышууда

Жазылуу
Атагы алыска кеткен ак кой союз тарагандан кийин баасы кетип, көп көңүлгө алынбай калган. Ал эми анын жүнү сапаты боюнча алдыңкы катарда турат.

Кашардагы койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеминдеги 45 кой селитра нитратынан жана цинктен ууланып өлгөн
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Оргочор айыл чарба кооперативи асыл тукум кой өстүрүүчү чарба катары таанымал. СССР маалында бул чарбада 45 миңден ашуун ак кой багылып келсе, бүгүн саны 3,5 миңге түштү.

Кооперативдин жетекчиси Жеңиш Жаркынбаевдин айтымында, "меринос" деп аталган бул койлордо австралиялык кочкордун каны бар. Ал эми бул түрдүн ак жүнү дүйнө боюнча сапаты жагынан алдыда турат. 

"Союз ыдырагандан кийин ак кой көп бааланбай калды эле. Эми азыр кайра көңүл бурулуп, жолго коюлуп келе жатат. Бирок кой кармоочу жайлар тардык кылууда", — дейт кооперативдин жетекчиси.

Ак койлордун жүнүнүн бир килограммы учурда 180 сомдон сатылат. Асыл тукумдуу кой өстүрүү өлкөгө экономикалык жактан көп пайда алып келерин белгилеген фермерлер жүндүн баасын көтөрүүнү өтүнүшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0