Вице-премьер Олег Панкратов шаардык ТЭЦтин авариядан кийинки абалын текшерди

Жазылуу
Олег Панкратов Бишкек шаардык ТЭЦтин авариядан кийинки абалы менен таанышып, реконструкциянын жүрүшү менен жеринде таанышты.

ТЭЦтин директору Андрей Воропаев авария жабдуулардын эскилигинен улам болгонун айтып, авариянын кесепетинен борбор калаанын түштүк кичи райондору бир нече саатка ысык суусуз жана жылуулуксу калганын белгиледи.

"Болжол менен саат үчтө Батыш үч куурунда авария болгон. 65 градус ысыктыктагы суу цехке куюлган. Эки сааттын ичинде ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери менен биргеликте авариянын алды алынып, калыбына келтирилди", — дейт ал.

Воропаев түнкү саат 11.00де ысык суу менен жылытуу берилгенин кошумчалады.

Панкратов бул авария Бишкек шаарындагы ТЭЦ оңдоого жана жаңылоого муктаж экенин көрсөттү дейт.

"Андыктан биз бир канча жыл мурун шаардык жылуулук электроцентралын модернизациялоону баштаганбыз. Аны 2017-жылы аяктоо пландалууда. Реконструкция тез жүрүп, керек болсо белгиленген графиктен да озуп кетти", — деди ал.

Шаардык ТЭЦти жаңылоо үчүн 389 миллион доллар бөлүнгөн. Оңдоо иштерин кытайдын ТBEA компаниясы ишке ашырууда. Реконструкция иштери аяктагандан кийин ТЭЦтин кубаттуулугу 360 мегаваттан 812 мегаватка чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0