Саякбай конушунун тургундары аймак улуу манасчынын деңгээлинде болушун каалайт

Жазылуу
2008-жылдан баштап Каракол шаарынан жеке менчик үй салууга жер тилкелери бөлүнө баштаган. Ошолордун арасында Саякбай манасчынын атындагы жаңы конуш бар.

18 гектар аянттагы жаңы конушка шаардык кеңеш депутаттарынын чечими менен Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата Саякбай манасчы деген ат берилген. Бул конушка 2012-жылдан тарта үйлөр салына баштаган. 

Каракол шаардык мэриясынын алдындагы №6 аймактын жетекчиси Рыскул Сагынбаев Саякбай манасчы жаңы конушу 7 көчөдөн турарын айтат.

"Ар бирине Шаабай, Чоюке, Мамбет жана башка манасчылардын аттары коюлган. Бул жаңы конушта жалпысынан 275 түтүн жайгашып, учурда 150 адам туруктуу жашап жатат", — дейт ал.

Электр чубалгылары тартылып, таза суу чыгарылганы менен конуштун башка да көйгөйлөрү көп. Жашоочулардын бирден-бир көйгөйү бала бакча жана мектептин алыстыгы болууда. Бала бакча үчүн жер тилкеси бөлүнгөнү менен каражат маселеси чечилбей, куруу иштери алигиче баштала электигин жергиликтүү тургундар айтышат.

Жаңы конуштун тургуну Эркингүл Желдеңбаева жолдун абалы бүгүнкү күнгө чейин көйгөй жаратып келерин айтат.

"Жаз келгенде жолдун баары ылай болуп, белчебизге чейин баткакка батабыз. Бутубузга желим баштыктарды кийүүгө туура келет. Ага деле болбой ылай болгонубуз болгон", — дейт экен.

Жаңы конуштун тургундары алар жашаган жер Саякбай манасчынын деңгээлине жараша шарт түзүлүп, көйгөйлөр чечилсе деген пикирде.

Жаңылыктар түрмөгү
0