Өзгөчө статустагы "KG" номерлери кескиленип жок кылынды

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы өзгөчө статустагы "KG" номерлерин кесип жок кылды. Бүгүн жалпысынан 124 номер жок кылынды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жолго чыккандан кийин ар бир жарандын айдоочу деген гана статусу болушу керектигин айтып, эч кимге номерине жараша артыкчылык берилбеши керектигин кошумчалады.

"Өкмөттүн мүчөсү болобу, же катардагы жаран болобу алардын баары бирдей, мыйзам бардыгына бирдей иштеш керек", — деди ал.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев унаага берилүүчү жаңы номердин үлгүсүн жактырды
Сарпашев бүгүн жок кылынып жаткан "KG" сериясындагы номерлердин ичинде депутаттардын, Жогорку Кеңештин төрагасынын, премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн номерлери бар экенин айтты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси өлкө президентине берилчү "KG 01" мамлекеттик номерин калтыруу боюнча өкмөттүн атайын чечими бар экенин кошумчалады.

Жалпысынан "KG" сериясындагы 143 номер бар, 18-февралдан кийин калгандары жок кылынарын Сарпашев баса белгиледи.

Машиналардын жаңы номери кандай болоорун Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0