Машинасын туйлата чимирилтип, аны зуулдата айдаган авто сүйүүчүлөр

Жазылуу
Көмүскөдө жашынып жаткан айдоочулар Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги үчүн ачыкка чыгып, укук коргоо органдарына мыйзам бузгандарды тизгиндөөгө жардам бере турганын айтышты.

Күн сайын жол эрежесин бузуп, машинасын зуулдата айдагандар тууралуу маалыматтар байма-бай чыгат. Мындайларды изине милиция кызматкерлери түшөт.

Бирок, мындай жарыштарды мыйзамды сактап деле кылса болорун "е 30" клубундагы авто сүйүүчүлөр иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

Маршруттук такси жана такси автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршруткалар жоюлуп, таксилер бир өңчөй түскө боёлот
Клубдун администратору Георгий Шевченко авто сүйүүчүлөрдүн БМВ клубу бир жыл мурун түзүлгөнүн айтат. Шевченко мелдеште утулган же уткан тарап болбой турганын белгилейт. Балдар бири-бири менен тажрыйба бөлүшүп, экстремалдык айдоонун сырын үйрөнүшөт. Бул клубдун бир өзгөчөлүгү мыйзамды бузушпайт.

Ал ошондой эле, ар бир мүчө үчүн бул клуб жашоосундагы өзгөчө орунду ээлеп калганын кошумчалады.

Катуу ылдамдыкта машина айдаганды жактырган клубдун мүчөлөрү өз иш чараларын мыйзамды бузбастан шаар четиндеги кароосуз калган учуп-конуу тилкелеринде өткөрүшөт.

"Менин ишим күн сайын шаар жолдоруна чыгуу менен башталат. Андыктан жол эрежесин сактаганга аракет кылам жана МАИлерди сыйлайм. Алар дагы өз милдетин аткарып жатат. BMW машинасын алгандар анын моторунун күчүнө ишенип, бардыгын жасаганга болот деп ойлошот", — дейт ал.

Дрифтер Арем Рылов эгер бийлик Европа мамлекеттериндегидей машинаны катуу айдап, мелдештерди өткөрүү үчүн атайын жайды бөлүп бергенде шаар көчөлөрүн чаңызгытып, машинасынын дөңгөлөгүн күйгүзө чимирилтип айдагандар азаймак дейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0