Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү атылган жерден тартылган тасма

Жазылуу
Борбор калаанын Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү атылганын ИИМ билдирди.

Укук коргоо органынын өкүлдөрүнүн айтымында, каза болгон жаранды үч жерге – башка, моюнга жана колго атышкан. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, каза болгон жаран Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Шектелген жарандарды издөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0