Алтын медаль тагынган фигурист Бегимай: алгач бизди теңсинбей жатышкан

Жазылуу
Көркөм муз тебүү боюнча Казакстанда өткөн мелдеште алтын медаль тагынган 13 жашар кыргызстандык Бегимай Рахманова муз аянтына аны алгач атасы алып келгенин белгилеп, келечекте Олимпиада сересин багындырууну көздөйт.

Эдель Касенова ийкемдүүлүк, алтын жана жеңишке болгон умтулуу тууралуу айтып берди
Кыргызстандык спортчу Бегимай Рахманова көркөм муз тебүү боюнча Казакстанда өткөн мелдеште алтын медалга ээ болду

Алматы шаарында өткөн ICE TIGER мелдеши Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өспүрүмдөрүн чогултуп, мыктыларды аныктады. 

Бегимай аны муз аянтына апасынын каршылыгына карабай атасы жетелеп келгенин белгилейт. Анда ал 9 жашта болчу.

"Бир нече жолу колумду, бутумду сындырып алдым. Жарааттын айынан айлап үйгө жатып калган да, музга чыккым келип ыйлачумун", –– дейт Бегимай.

Алтын медалга жетүү үчүн кыргызстандык спортчу төрт жыл машыккан. Алгачкы жолу 2015-жылы Шымкентте өткөн мелдеште коло медаль утуп, ата-энесинин сүйүнгөнүн көргөндө, алтын алууну тилек кылган.

"Казакстанда таймаш абдан курч өттү. Алгач бизди теңсинбей жатышкан, жеңүүчүлөрдү жарыялаганда уялып калышты", –– дейт жеңүүчү.

Бегимай келечекте Олимпиада чемпиону болууну көздөйт.

Жаш спортчунун машыктыруучусу Карина Ураимованын айтымында, Бегимай абдан тырышчаак кыз. Алтынга жетүү үчүн көп мээнет кылган. 

"Алтынга жетүү оңой болгон жок, Бегимайдын машыкканына төрт жылдан ашты. Бирок, чет жактарга чыкканда каражаттан кыйналып калабыз", — дейт тренер. 

Учурда окуусунан сырткары Бегимай борбор калаадагы муз айдыңдарынын биринде машыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0