Казак интернет айдыңын жарган кичинекей кыргыз кикбоксчулар

Жазылуу
Кикбоксчу балдары менен казактардын интернет айдыңын жарган өзгөндүк Бакытбек Атаканов балдарын кантип машыктырып жатканын айтып берди.

Кышында спорттук зал суук болгондуктан, атасы уулдарын негизинен үйүндө машыктырат экен.

"Залга жылуу кийинип келип, бул жерден машыгып, негизинен күч топтойбуз. Булчуңдарды бекемдөөчү техникаларды жасайбыз, тоңкобаш атабыз, ийилип-чоюлабыз",— деди Атаканов.

Атаканов социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган уулдарын машыктырып жаткан видео ролигин беш миллионго чукул адам көргөндүгүн айтып берди.

"Дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарынан, айрыкча Россия, КМШдан жазып, ал тургай чалып жатышат. Чет элдиктердин жазгандары бар, тилин түшүнбөй сөздүктөн карап, комментарийлерге жооп берип жатам. Кээ бирлери балдар казакстандыктар деп түшүнүп алышыптыр, бирок, биз Кыргызстандыкпыз, Өзгөндө жашайбыз", — деди Атаканов.

Атакановдун үч уулу бар, кенжеси — Азирет алты, ортоңкусу Эльбурс сегиз, ал эми эң улуусу Арлет 15 жашта. Ал Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Азиянын чемпиону жана Анапада өткөн турнирдин жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0