Нарында бир нече жүздөгөн адам суукка карабай митингге чыкты

Жазылуу
Шаршемби күнү Нарын калаасында шаардыктар менен Нарын районунун тургундары катышкан митинг болуп өттү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында митингге 400дүн тегерегинде, ал эми уюштуруучулардын айтымында 1000ге чукул адам катышты.

Көмүр жүктөлгөн унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында көмүрдүн баасын 3500 сомдон көтөрбөөгө аракеттер көрүлүүдө
Нарын шаарындагы бир нече жүздөгөн киши катышкан нааразылык акциясы тоолуу аймактын жашоочуларынын айлык акысына төлөнүп келген каражаттын 50 пайызын алып салуу боюнча мыйзам долбооруна каршы уюштурулган. Андан сырткары акцияда турак-жай жана унааны камсыздандыруу, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери да көтөрүлдү.

Нарын шаарынын тургуну Асангазы Ибраимовдун айтымында, өкмөт бийик тоолуу аймактын жашоочуларынын айлык акысына кошулуучу 50 пайыздык каражатты албай турган болду, бирок, анысына эл ынанбай турат.

"Башында жеңилдиктерди алабыз деп чыгышкан, эми өкмөт чакыртып алды. Төрт депутат өткөрбөйбүз дегени менен алардын ошого мүмкүнчүлүгү жетеби же жетпейби деген күмөн саноолорубуз бар. Ал эми электр кубатына болгон тариф 2,16 сомго чейин жеткенден кийин, өкмөт эми 1000 сом эмес 1500 сомдон компенсация төлөшү керек", — деди Ибраимов.

Тоолуу шартта жана алыскы аймактарда иштеген жарандарга кошумча акы төлөөнү алып салуу боюнча мыйзам долбоору сунуштаган мыйзам долбоору парламенткен сунушталган. Өкмөт документте туура эмес анализ жасалгандыгын айтып, аны чакыртып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0