Бишкектин борборунда төрт автоунаа кагышты

Жазылуу
Борбор калаанын Фрунзе көчөсүндө төрт жеңил машинанын жол кырсыгына кабылды.

Тамда тартылган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын эң кандуу көчөлөрү
Күбөлөрдүн айтымында, Mitsubishi Grandis үлгүсүндөгү машина унаа токтотуучу жайдан чыгып келе жатып, Nissan March унаасын коюп алган. Ал күүсү менен алдыда бараткан Lexus Rx330 машинасын сүзүп кеткен. Ал эми Honda Fit унаасынын айдоочусу машинаны өз маалында токтотууга үлгүрбөй Nissan унаасын артынан келип сүзгөн. 

Учурда окуя болгон жерде Жол кайгуул кызматы иштеп, кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0