Мектептердин 22 ашпозчусу Бишкекте кулинардык таймашка катышууда

Жазылуу
Бишкекте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча мектептердеги тамак-ашты оптималдаштыруунун алкагында кулинардык таймаш өтүп, ага мектеп ашпозчулары катышууда. Мында курстардын жыйынтыгы менен тандалып алынган 22 ашпозчуга тамак даярдоо боюнча мастар-класстарды белгилүү ашпозчу Данияр Деркембаев өтүп жатат.

Кыргызстанда жүрөк формасындагы жашылчалар өстүрүлүүдө
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Сүйүнбек Айдаровдун айтымында, окуудан жалпы жонунан 261 пилоттук мектептин 600 ашпозчусу өткөн. 

Таймаштын талабына ылайык, тамак-аштын баары технологиялык карта боюнча даярдалат. Командаларга бөлүнгөн ашпозчулар бирдей азык-түлүк менен ар кандай тамак-аш даярдап бериши керек. Мында ар бир тамактын баасы 15-20 сомдон ашпоосу абзел.

Ашпозчулардын колунан чыккан даамга окуучулар баштаган калыстар тобу баа бермекчи. Жеңүүчүлөр керектүү ашкана буюм-тайымын белекке алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0