Сариевге Бишкек шаарынын келечектеги макетин көрсөтүштү

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев шейшемби күнү Бишкек шаарын өнүктүрүү жана шаар куруу маселелери боюнча жыйын куруп, баш калаанын башкы планын жана деталдык пландоо долбоору менен таанышты.

Сариев Бишкектин башкы планы заманбап шарттарга, борбор калаанын өнүгүү келечегине жооп бериши зарылдыгын жана жашыл аймактарды көбөйтүү, өнөр жай зоналары үчүн атайын жер бөлүү зарылдыгын айтты.

Жыйын жүрүшүндө, Кыргыз илим-изилдөө долбоорлоо институтунун кызматкерлери Бишкектин борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун 2016-жылдын май айына чейин бүткөрүү пландалганын маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0